• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Абылгазиев 13 токой чарбасына атайын техникалык жабдууларды тапшыруу аземине катышты

Өкмөт 0

Бишкек, 31.10.19. /Кабар/. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 13 пилоттук токой чарбасына 27 даана атайын техника жана 102 даана атайын жабдууну тапшыруу аземине катышты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев токой чарба тармагын реформалоого жана туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылууга ар тараптан колдоо көрсөткөн Кыргыз Республикасындагы Дүйнөлүк банктын кеңсесине ыраазычылык билдирди.

«Атайын техникалардын жана жабдуулардын жаңыланышы – бул өлкөнүн токой чарба тармагы үчүн маанилүү жана өзгөчө окуя. Биз бүткүл дүйнө жүзүндө, анын ичинде биздин республикада экологияны коргоо маселеси курч турганын билебиз. Келечек муун үчүн экологияны, жаратылышты жана токойлорубузду сактоо үчүн болгон күч-аракетибизди жумшашыбыз керек. Бүгүн берилип жаткан техника мыйзамсыз аңчылыкка, токойдо чыккан өрттү өз учурунда өчүрүүдө ыкчам чара көрүүгө жана токой чарбаларын жандандыруу боюнча жасалып жаткан иштердин сапатын жана натыйжалуулугун көтөрүүгө шарт түзөт. Токой чарбаларын заманбап техника жана жабдуулар менен камсыздандыруу - бул токойлорду коргоо жана сактоо боюнча иш-чаралардын натыйжалуулугун жогорулатуусуна багытталган стратегиялык артыкчылыктардын бири. 13 токой чарбасы жогоруда айтылган сандагы техникалар жана жабдууларга ээ болуу менен, дээрлик толук жаңыланды», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Токой чарбаларга өрт өчүрүү жабдууларынын толук топтому менен токой чарба техникаларынын 13 чакан комплекси, дөңгөлөктүү 4 трактор жана асма жабдуулар топтому (соко, культиватор, чуңкур каза турган техника, чиркегич, кыргы, чачкыч, көчөт отургузуу үчүн соко), дөңгөлөктүү 10 кичи-трактор жабдуулары менен (чиркегич жана соко) берилди.

Токой чарбасынын материалдык-техникалык базасын бекемдөө үчүн заманбап техника жана жабдуулар Бүткүл дүйнөлүк банк жана Глобалдык экологиялык фонд тарабынан каржыланган «Кыргыз Республикасынын токой чарба экотутумун интеграциялык башкаруу» долбоорунун каражаттарынын эсебинен алынган.

Белгилей кетсек, көп жылдардан бери токой чарбаларына көп сандагы мындай атайын техникалар бери элек болчу. Долбоордун алкагында сатып алынган техникалардын жалпы баасы 69 969 100 сомду түздү.

Буга чейин пилоттук токой чарбаларына 2 301 000 сом суммасына соколуу 13 мотоблок жана 130 Колесов кылычы берилген.

Пикир

Оставить комментарий