• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Минскте Айтматовдун 90 жылдыгына арналган адабий кече өттү

Коом 0

Бишкек, 12.12.18. /Кабар/. Минск шаарында жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесине арналган адабий кече болуп өттү.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, иш-чарага Белорусиянын министрлик менен мекемелеринин өкүлдөрү, Минскидеги чет өлкөлүк элчиликтердин башчылары, Евразиялык экономикалык Соттун өкүлдөрү, «Беларусь-Кыргызстан» достук коомунун өкүлдөрү, чыгармачыл интеллигенция, маданий ишмерлер жана ЖМКнын өкүлдөрү, ошондой эле Белорусиянын Жогорку окуу жайларынын студенттери катышышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө Белорусиянын Маданият министринин биринчи орун басары Наталья Крачевская Айтматовдун чыгармачылыгы жана анын кыргыз жана советтик адабияттагы орду тууралуу сөз сүйлөдү. Андан тышкары «Белорус-Кыргызстан» достук коомунун төрагасы Николай Чергинец жазуучунун өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу ойлору менен бөлүшкөн.

Андан тышкары Германиянын Белорусиядагы элчиси Петер Деттмар, Түркиянын Белорусияда элчиси Кезбан Дарама, ожогорку окуу жайлардын студенттери Айтматовдун чыгармаларынан үзүндү окуп, жазуучунун чыгармалары боюнча тартылган тасмалардан үзүндү көрсөтүү менен конокторго тартуулашты.

Пикир

Оставить комментарий