• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Мирбек Атабеков жана башка ырчылар саясаттагы эски жүздөргө каршы экенин билдирди

Коом 0


Бишкек, 06.10.20. /Кабар/. Кыргызстандын белгилүү ырчылары жана шоу-бизнес өкүлдөрү учурда өлкөдө болуп жаткан окуяларга өз пикирин билдирди.

Ырчы Мирбек Атабеков, алар бийликте эски жүздөрдү көргүсү келбегенин айтат.

"Биз бир дагы партияны, бир дагы лидерди колдобойбуз. Биз жаштар мененбиз", - деди ал.

Ал эми ырчы Кайрат Примбердиев, алар эл үчүн иштеген башкаруу система орношун каалашарын билдирди.

"Коомчулук эски жүздөдөн тажады. Биз жаңы идеялары бар жаштардын келишин каалайбыз. Биз кимдир бирөөнү же кайсы бир партияны колдогон жокпуз", - деди ал.

Эскерте кетсек, бүгүн Жогорку Кеңешке жаңы төрага болуп Мыктыбек Абдылдаев шайланды. Ошондой эле Боронов өкмөт башчылык кызматтан кетип, премьер-министрдин милдетин аткаруучу болуп Садыр Жапаров шайланды.

Пикир

Оставить комментарий