• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Мирбек Кожоев Ысык-Көл районунун ирригация маселесин жеринен көрдү

Аймак 0

Бишкек, 17.02.22. /Кабар/. КР президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мирбек Кожоев Ысык-Көл районунун жазгы сугат суу иштерине даярдыктарды жеринен көрдү. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, облус башчысы район акими жана облустук, райондук суу чарба мекемелеринин жетекчилери менен Тамчы айыл өкмөтүндөгү суу агып өтчү латоктордун оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Анда Мирбек Кожоев район акимине жана облустук, райондук суу чарба мекемелеринин жетекчилерине райондогу бардык чарбалык, ички чарбалык суу каналдарын тазалап, оңдоп-түзөө иштерин тездетип, март айына суу салууга даяр болушун тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий