• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Мирзиёев Сардаба районунун жашоочулары менен жолукту

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 14.10.20. /Кабар/. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 13-октябрда Сырдарыя облусуна барып, Сардаба дамбасы жарылгандан кийин курулган көп кабаттуу үйлөрдү карап чыкты.

Маалыматка караганда, аймакта бардыгы болуп 90го чукул үй салынган. Президенттин басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө, трагедиянын кесепеттерин жоюу үчүн чукул чаралар көрүлүп, кышка чейин тургундарды турак жай менен камсыздоого мүмкүн болгону айтылган.

Буга чейин Сардаба районунун бир нече жашоочусу өкмөт убада кылган компенсациясын бербей жатканын, үй менен камсыз болушпаганын билдиришкен.

Расмий маалымат боюнча быйыл 1-майда Сырдарыя облусунун Сардаба, Акалтын жана Мирзаабад райондорунда 2 570 үй, 76 көп кабаттуу турак жай жараксыз абалга кептелген.

Пикир

Оставить комментарий