• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Мирзиёев Ташкентти "коопсуз шаарга" айлантууну чечти

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 17-июль /Кабар/. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Ташкент шаарынын ИИБинин Коргоо башкармалыгынын алдында борбор калаага видеокөзөмөл орнотуу боюнча атайын бөлүк ачыларын билдирди.

Мирзиёев бул тажрыйбаны Кытайда көргөнүн айтып, жарандарды үзгүлтүксүз көзөмөлгө даярдоо жана Ташкентти коопсуз шаарга айлантуу зарылдыгын белгиледи.

“Ташкент – коопсуз шаар” концепциясына ички иштер министринин бир орун басары жана анын командасы жооп берет. Ташкентте 2017-жылы 1-сентябрдан тарта 2019-жылга чейин эксперимент жүргүзүлөт. “Ар бир мааледе бирден инспектор – мааленин кызматкери ИИМдин жаңы бөлүгүнүн өкүлү болот. Эртең элдердин дүйнө таанымы өзгөрөт”,– деди президент Мирзияев.

Анын айтымында, Ташкенттин 505 маалесинин өкүлдөрү жана тилкелик инспекторлор үчүн окуу курстары уюштурулат. Алар заманбап видеокөзөмөл тутуму менен иштешет.

Президент башкаруу борборунун ишин кийинчерээк өлкөнүн бардык шаарларында жайылтуу зарылдыгын баса белгиледи.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий