• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Миталип Мамытов: Сооронбай Жээнбеков кызматын тапшыруу менен жигиттик, чечкиндүүлүк сапатын көрсөттү

Саясат 0

Миталип МАМЫТОВ, Кыргыз Эл Баатыры: “Сооронбай Жээнбеков кызматын тапшыруу менен жигиттик, чечкиндүүлүк сапатын көрсөттү”

- Премьер-министр Сооронбай Жээнбековду БШК президенттик шайлоого талапкер катары расмий каттады. Ошол эле учурда өкмөт башчысы кызматтан кетти. Анын мындай кадамын кандай баалайсыз?

- Негизи шайлоодо ар бир талапкерге бирдей шарт болушу керек. Алар тең укуктуу шартта үгүт иштерин жүргүзүшү зарыл. Ошондуктан Сооронбай Жээнбековдун кызматын тапшырганы туура кадам болду.

- Буга чейин С.Жээнбековдун атаандаштары административдик ресурс колдонот деп жаткан. Эми мындай кептерге чекит коюлабы?

- Сөзсүз чекит коюлат. Сооронбай Жээнбековдун кызматын тапшыруу кадамын мыйзамдын чегинде гана иштейли деген чакырыгы деп түшүнөм. Муну менен ал чечкиндүүлүгүн, жигиттик сапатын көрсөттү.

Пикир

Оставить комментарий