• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Сооронбай Жээнбеков кызматынан кетүү арызын жазды

Саясат 0

БИШКЕК, 21.08.17. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Кыргызстандын премьер-министри Сооронбай Жээнбеков кызматынан кетүү арызын жазды. Бул тууралуу ал бүгүн өкмөттүн жыйынында билдирди.

“Мен президенттикке көрсөтүлүп жатканыма байланыштуу кызматымдан кетип жатам. Бул кызматты ээлегенге моралдык укугум жок. Бүгүн түштөн кийин мен президент Алмазбек Атамбаевдин атына арыз жазам”, - деди ал.

Ошондой эле, Жээнбеков анын өкмөттө иштеген учурунда бардык коюлган милдеттери аткарылганын билдирди. Ал министрлер кабинети саясий процесстерге кийлигишпегендигин жана экономика менен гана алек болгонун белгиледи.

Эскерте кетсек, бүгүн БШК Жээнбековду президенттик кызматка талапкер катары каттады. Ал КСДП партиясынан президенттикке талапкер болуп саналат.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 2017-жылдын 15-октябрында өтөт.

Пикир

Оставить комментарий