• 88.68
  • 95
  • 0.95

Азербайжандын ТИМ башчысы Кыргызстанга расмий сапар менен келди

Саясат 0

Бишкек, 08.04.24./Кабар/. Азербайжандын тышкы иштер министри Жейхун Байрамов Кыргызстанга расмий сапар менен келди. Бул тууралуу КР ТИМдин маалымат кызматы билдирет.

Ардактуу конокту «Манас» эл аралык аэропортунан тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев жана Кыргызстандын Азербайжандагы элчиси Кайрат Осмоналиев тосуп алышты.

Сапардын алкагында КР тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев, ошондой эле өлкө жетекчилиги менен сүйлөшүүлөр болору күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий