• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жалал-Абад санаторийи мамлекеттин карамагына өттү — Туманбаев

Аймак 0


Бишкек, 08.04.24./Кабар/. Жалал-Абад санаторийи мамлекеттин карамагына өтүп, жаңы жетекчиликке курортту заман талабына ылайык өнүктүрүү тапшырмасы коюлду. Бул тууралуу президенттин иш башкармасы Каныбек Туманбаев билдирди.

Ал бир кылымдан ашык кызмат кылып келе жаткан курорт жаңыланууга муктаж экендигин айтты.

"Ошентсе да профсоюздар федерациясынын башка мүлктөрүнө салыштырмалуу абалы жакшыраак экени байкалат.

Биринчи кезекте курортто санариптештирүү иштерин жүргүзүп, электрондук төлөмгө өткөрөбүз, накталай төлөм жүргүзүү же өзүнчө касса деген түшүнүк жок болот. Бул кадам түшкөн каражаттардын сол чөнтөккө кетүүсүнө бөгөт коет", – деди ал.

Мындан тышкары, материалдык-техникалык базасы медициналык аппараттар, эмеректер менен жаңыланышы керек.

"Биздин алдыбызда бир гана максат бар — ал элдин жаркын келечеги үчүн, президентибиз берген тапшырманы өз убагында аткаруу. Жумуш жеңил эмес, тоскоолдуктар бар, бирок ага карабай максаттарга карай багытыбызды улайбыз", — деп кошумчалады Туманбаев.

Пикир

Оставить комментарий