• 88.68
  • 95
  • 0.95

Дүйшөмбүдө кыргыз-тажик чек арасы боюнча жумушчу топ жолукту

Саясат 0

Бишкек, 27.06.22. /Кабар/. Тажикстандын Дүйшөмбү шаарында топографиялык жумушчу топтордун кезектеги жолугушуусу өттү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Тараптардын жетишилген макулдашууларына ылайык, 2022-жылдын 21-26-июнунда Дүйшөмбү шаарында Кыргызстандын жана Тажикстандын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тийиштүү Протоколго кол коюлду.

Тараптар кезектеги жолугушууну Кыргызстандын аймагында өткөрүүнү макулдашты. Жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү маанайында өттү.

Пикир

Оставить комментарий