• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Таласта өлкөгө аткезчилик жолу менен дары алып өтүү аракети көрүлгөн

Укук тартиби 0

Бишкек, 27.06.22. /Кабар/.Таласта өлкөгө аткезчилик жолу менен дары алып өтүү аракети көрүлгөн. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 26-июнда “Чоң-Капка унаа жол” көзөмөл-өткөрүү пунктунда А.Б.А. аттуу кыргыз жаранынын башкаруусундагы “Мерседес-Бенц” үлгүсүндөгү унаа кармалган. Унаа ээси дары-дармектерди мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган.

Унааны текшерүүдө үй буюмдардын астына катылган 28 даана кутуча дары-дармек табылган. Товардын түрүнө тиешелүү документтери жок болуп, дары-дармектерди ташуудагы милдеттүү шарттар аткарылган эмес.

Учурда бул мыйзамсыз аракеттерге тиешеси бар адамдарды жана милдеттүү салыктык чегерүүлөрдү төлөбөй коюу түрүндөгү зыяндын көлөмүн аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий