• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте тоноочулукка шектелип 9 жаш жигит кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 02.11.20. /Кабар/. Бишкекте тоноочулукка шектелип 9 жаш жигит кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 1-ноябрь күнү болжол менен саат 05:30да “102” кызматына Орозбеков жана Киев көчөлөрүндө тоноо болгондугу тууралуу маалымат түшкөн. Окуя жерине барган Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлерине 31 жаштагы Ф.С. аттуу жаран арыз менен кайрылып, болжол менен саат 05:20да белгисиз бирөөлөр “REDMI NOTE 6” үлгүсүндөгү чөнтөк телефонун коркутуп тартып алышканын билдиришкен.

Кайгуул кызматкерлери дароо издөө иштерине киришип, Абдрахманов жана Киев көчөлөрүнүн кесилишинен шектүү катары 2001- жылы туулган Э. Н., 2001- жылы туулган Э.Э., 2001- жылы туулган Б. Ж., 2001- жылы туулган А. А., 2002- жылы туулган С. А.,2002- жылы туулган Д. Б., 2002- жылы туулган Ж. У., 2002- жылы туулган К. Р. жана 2001- жылы туулган И. Б аттуу жарандарды кармашкан. Алар Биринчи май райондук милициясынын Тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

Аталган факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, КР Жазык кодексинин 201- беренеси (Тоноо) боюнча сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Пикир

Оставить комментарий