• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы кызматташтыктын актуалдуу маселелери талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 01.02.20. /Кабар/. Бүгүн, 1-февралда КР тышкы иштер министри Ч.Айдарбеков Азербайжандын Кыргызстандагы элчиси Г.Оруджевди кабыл алды.

КР ТИМден кабарлашкандай, тараптар өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын деӊгээлине канааттанууларын билдиришти жана Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеӊешинин 7-саммитине катышуу үчүн 2019-жылдын октябрында Кыргыз Республикасынын президенти С.Жээнбековдун Баку шаарына жумушчу сапарынын жыйынтыгы боюнча жетишилген келишимдердин натыйжалары боюнча пикир алмашышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө министр Ч.Айдарбеков алдыда боло турган жогорку жана эң жогорку деӊгээлдеги сапарлардын мазмундук бөлүгүн даядоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

"Тараптар экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүү боюнча мындан аркы бирдиктүү иштерди жүргүзүү боюнча сүйлөшүүлөргө жетишишти. Элчи ушул жылы Кыргызстанда эки өлкөнүн ишкердик чөйрөлөрүнүн катышуусунда бизнес-форум өткөрүүнү сунуштады. Эки өлкөнүн достугунун жана бир туугандыгынын символу болуп кала турган Азербайжан-Кыргызстан достук сейилбагын жана Бишкек шаарында жалпы билим берүү мектебин куруу маселелерине өзгөчө көӊүл бурулду", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий