• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

МКК: Айдоочулук күбөлүктү берүү бөлүмүнүн дареги өзгөрдү

Коом 0

Бишкек, 24.12.19. /Кабар/. Айдоочулук күбөлүктөр 24-декабрдан тарта Бишкектеги Ауэзов көчөсү 1/5 дарегинде жайгашкан Калкты тейлөө борбору - 4 имаратынан бериле баштайт. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, "Унаа" мамлекеттик ишканасына кайрылуулардын ири агымын көңүлгө алуу менен, келген адамдардын топтолуусун кыскартуу максатында айдоочулук күбөлүктөрдү берүү бөлүмүн Ауэзов көчөсү 1/5 дарегинде жайгашкан Калкты тейлөө борбору - 4 имаратынын 1-кабатына убактылуу көчүрүү чечими кабыл алынды.

Документтерди кабыл алуу жана тариздетүү "Унаа" бөлүмүндө: Лебединовка айылынын Жеңиш проспектиси 121 "Б" дареги боюнча жүргүзүлөт.

9-декабрдан тартып жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөрдү берүүгө анкета арыздарды кабыл алуу башталды. Даярдоо мөөнөтү, документтерди кабыл алуу күнүн эсепке албастан 4 жумуш күндү түзөт.

Бардык мүмкүн болгон маселелер боюнча (312) 62-41-40 телефон номери аркылуу кайрылууга болот.

Пикир

Оставить комментарий