• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

УКМК: Кенжебаевге карата козголгон кылмыш иши ИИМге өткөрүлөт

Укук тартиби 0

Бишкек, 24.12.19. /Кабар/. Күн мурун, 23-декабрда С.Кенжебаевге карата алдамчылык фактысы боюнча козголгон кылмыш иши Ички иштер министрлигине (ИИМ) жиберүү маселесин кароо максатында КР Башкы прокуратурасына өткөрүлдү. Бул тууралуу КР Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирет.

Эскерте кетсек, М.М., аттуу кытай жараны Сыргак Кенжебаев алдамчылык жолу менен андан 350 миң АКШ долларын алгандыгын айтып УКМКга кайрылган.

УКМКдан билдиришкендей, сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө ал кытай инвесторунан кошумча 250 000 АКШ долларын талап кылгандыгы тууралуу талашсыз далилдер көрсөтүлгөн.

2019-жылдын 20-декабрында С.К. УКМК Тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына кармалды.

"2019-жылдын 21-декабрында С.Кенжебаевге аталган кылмыш жасагандыгы тууралуу билдирме берилип, ошол күнү Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту тарабынан ага карата Бишкек шаарынын 1-Тергөө камак жайына кармоо бөгөт коюу чарасы каралды", - деп кошумчалашты ведомстводон.

Пикир

Оставить комментарий