• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Манас районунда жаңы курулган өрткө каршы куткаруу бөлүгү ачылды

Аймак 0

Бишкек, 24.12.19. /Кабар/. Бүгүн, 24-декабрь күнү Талас облусунун Манас районунда жаңы курулган №100 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн имаратынын ачылышы болуп өттү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов, министрликтин Талас облусу боюнча башкармалыгынын жана Манас районунун Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өздүк курамы, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү катышкан.

Иш-чарада министр Мирзахмедов сөз сүйлөп, имараттын курулушуна көмөк кылган өздүк курамга ыраазычылык билдирген.

"Жаңы курулган №100 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн имараты толук кандуу бүткөрүлдү. Куткаруу бөлүгүнүн курулушун өздүк курам ашар жолу менен жапа тырмак аракет кылып, чоң колдоо көрсөтүштү. Колдоо көрсөткөндөргө жана өздүк курамга ыраазычылык билдирем. Эң негизгиси, ар бир эмгектин акыбети кайтып, эл-жерибизде тынчтык, үмүттүү келечек, жашоонун жыргалчылыгы орноп турсун", - деди ал.

Министрликтен белгилешкендей, имарат заман талабына жооп бере ала тургандай салынган. Административдик бөлүгү эки кабат, кышкысын жылуу болуп, 2 гараж жана резервде 1 гараж бар.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин буйругунун негизинде, имараттын долбоору даярдалып, ал боюнча 9 млн 211 миң 112 сомго смета түзүлгөн. Бирок, курулуш иштери өздүк курамдын күчү менен жасалып, жалпысынан 6 млн 832 миң 725 сом сарпталган. Жыйынтыгында 2 млн 378 миң 387 сом үнөмдөлгөн.

Эскерте кетсек, быйыл 13-декабрь күнү Ош шаарында № 29 өрт-куткаруу бөлүгү ачылган.

Пикир

Оставить комментарий