• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Таласта административдик-аймактык реформанын алкагында окутуу-семинар өттү

Аймак 0

Бишкек, 13.03.24. /Кабар/. Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин кызматкерлери Талас облусунда административдик-аймактык реформанын алкагында окутуу-семинар өткөрдү. Бул тууралуу агенттиктин басма сөз кызматынан билдиришти.

Семинарлардын жүрүшүндѳ президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын аппарат жетекчилерине, шаар мэрлерине, айыл ѳкмѳт башчыларына, жергиликтүү кеңештердин төрагаларына усулдук жардам кѳрсѳтүлдү.

Белгиленген иш-чараларда пилоттук режимде ирилешкен айыл ѳкмѳттѳрүнүн, шаарларга кошулган айыл аймактары же айрым айылдар, участоктор жана контурларды бириктирүүнүн механизмдери, мүлктүк мамилелер, штаттарды оптималдаштыруу, муниципалдык ишканалардын түзүлүшү, бириккен жергиликтүү кеңештердин иштѳѳ тартиби сыяктуу маселелер талкууланды.

Талас облусунда административдик-аймактык реформага чейин 37 айыл өкмөтү, 1 шаар, 4 район болсо, учурда 16 айыл аймагына бириктирилди. Ал эми 1 шаар, 4 район мурунку калыбында иш алып баруусун улантууда.

Пикир

Оставить комментарий