• 88.68
  • 95
  • 0.95

13-мартка карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 13.03.24./Кабар/. Синоптиктердин маалыматына таянсак, 13-15-мартта өлкөдө аба ырайы кескин өзгөрөт.

13-мартта күндүз жана 14-мартта көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

13-мартта абанын күндүзгү температурасы Чүй жана Ысык-Көл облустарында -1…+4, Таласта -3…+2, Нарын облусунда -4 +1 градус болот.

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында күндүз күндүз 2…7 градуска жетет.

Бишкекте мезгил-мезгили менен жаан, кар жаашы ыктымал. Термометрдин көрсөткүчү күндүз 2…4 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий