• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ММКды каттоо мөөнөтү 10 күнгө кыскартылат

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 08.01.18 /Кабар/. Массалык маалымат каражаттарын юридикалык жак катары каттоодон өткөрүүдө ашыкча бюрократиялык жолтоолуктар жоюлат. Бул багытта даярдалган «Массалык маалымат каражаттары жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кошумчаланып жаткан өзгөртүүлөр бүгүн, 8-январда Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин кезектеги жыйынында экинчи окууда каралып, жактырылды. Бул тууралуу ЖК басма сөз кызматы билдирди.

Анда массалык маалымат каражаттарын каттоо мөөнөтү 10 жумушчу күнгө кыскартылары айтылат.

Талкууда депутат А.Касымалиева катталуу мөөнөтүнүн 10 күнгө чейин кыскартылып жатышы убакытты тарытып, айрым ММК үчүн ыңгайсыздыктарды жаратар-жаратпастыгына кызыкты.

Депутат Д.Бекешев, - “ММК каттоодон өткөрүү союздун убагындагы талаптардын бири. Ошондуктан, бул ыкманы колдонуунун зарылчылыгы жок”, - деген пкиирин ортого салды.

Социалдык тармактардагы ачылып жаткан баракчалардын ушул сунушталып жаткан мыйзамга канчалык деңгээлде катыштыгы бар экендигин депутат Садык Шер-Нияз тактады.

Эгер ММК арасында айрым бир каражаттар бийликке жакпай кала турган болсо, бул мыйзам долбоору аларды каттоодон четтетип, же жаап салуу үчүн манипуляциялык курал болуп калбайбы?- деген суроону депутат Н.Никитенко жолдоду.

Ошондой эле тармактык комитеттин олтурумунда «Электрондук эсептөө машиналары үчүн программаларды жана маалыматтар базаларын укуктук коргоо жөнүндөгү» мыйзамга сунушталып жаткан өзгөртүүлөр да каралып, жактырылды. Бул багытта КР Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын төрагасы Д.Эсеналиев баяндама жасады. Андагы айтылгандарга караганда, мыйзам долбоорунун концепциясы - электрондук эсептөө машиналары үчүн программаларды жана маалыматтар базасын иштеп чыгууга мамлекеттик контракт түзүүдө Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарын ылайыктуу коргонуу камсыз кылууну максат кылат.

Пикир

Оставить комментарий