• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

“ММКФнын 2022-жылга бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзамга кол коюлду

Президент 0

Бишкек, 27.04.22./Кабар/. Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2022-жылга бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө” КРнын мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2022-жылдын 17-мартында кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты КРнын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2022-жылга бюджетин жана 2023-2024-жылдарга болжолдуу бюджетин бекитүү болуп саналат..

Пикир

Оставить комментарий