• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Момунов: Өткөн жылы 53 айыл таза суу менен камсыз болсо, быйыл 70 айылга ичүүчү сууну жеткирүү пландалууда

Коом 0

Бишкек, 24.03.22. /Кабар/. Жыл сайын айылдарды таза суу менен камсыздоого 500 млн сом бөлүнөт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды суу тармактарын өнүктүрүү департаментинин директору Сайпидин Момунов билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкүкүндө өлкө аймагында 1 миң 819 калктуу конуш болгон болсо, 715 айыл өкмөттүн өнүктүрүү программасына киргизилген.

“Буга чейин 545 айыл таза суу менен камсыз болгон. 2022-жылдын биринчи айына карата приоритеттүү айылдардын саны 592ни түзөт. Жыл сайын бул багытта 500 млн сом каржыланууда. Мындан сырткары, бир катар инвестициялык долбоорлор ишке ашууда”, - дейт ал.

Момунов кошумчалагандай, өткөн жылы 53 айыл таза суу менен камсыз болсо, быйыл 70 айылга ичүүчү сууну жеткирүү пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий