• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Солтонбекова БУУнун Качкындар иштери боюнча жогорку комиссарынын БАдагы өкүлү менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 19.02.21. /Кабар/. КР саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин биринчи орун басары Ализа Солтонбекова БУУнун Качкындар иштери боюнча жогорку комиссарынын Борбодук Азиядагы өкүлү Ханс Фридрих Шоддер менен жолукту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө Ф.Шоддер жолугушууга мүмкүнчүлүк бергендиги үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстан коронавируска каршы күрөшүү жана анын өлкөдө жайылышына жол бербөө үчүн иш-чараларды жетиштүү деңгээлде өткөрүп жаткандыгын белгиледи. Ал белгилегендей, БУУнун Башкы катчысы А.Гутиереш качкындарды жана жарандыгы жок адамдарды улуттук эмдөө программаларына кошуу өтүнүчү менен дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнүн башчыларына кайрылган. Ушуга байланыштуу, БУУ КЖКБ Кыргызстанга ММК Фонду менен келишимдерди түзүү аркылуу каржылык жардам көрсөтүүгө даяр.

Өз кезегинде Ализа Солтонбекова учурда КР өкмөтүнүн түзүмүн оптимизациялоого ылайык алты мамлекеттик орган - Саламаттык сактоо министрлиги, Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги, ММК фонду, Социалдык фонд, Эмгек инспекциясы жана Мамлекеттик миграция кызматы бир мамлекеттик органга бириктирилген, алар бардык категориядагы жарандарга, анын ичинде качкындарга жана жарандыгы жок адамдарга мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү жеткиликтүү камсыздоо жагынан тең салмактуу саясат жүргүзүлөрүн маалымдады.

Учурда министрлик коронавируска каршы вакциналарды алуу жана Кыргызстанда Россиянын вакцинасын биргелешип өндүрүү боюнча иш алып барууда. А.Солтонбекова белгилегендей Кыргызстанда Кайрылман статусу бар жарандарга бардык мамлекеттик кызматтар көрсөтүлөт, анын ичинде саламаттык сактоо кызматтары, жана министрлик Кыргызстандын аймагындагы качкындарды жана жарандыгы жок адамдарды вакцинацияга кошуу алгоритмин иштеп чыгууга даяр.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар БУУ КЖКБ менен КР Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин ортосунда эки тараптуу тыгыз кызматташтык жөнүндө макулдашты.

Пикир

Оставить комментарий