• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстан менен Иран айыл чарба жаатындагы кызматташтыкты бекемдейт

Коом 0

Бишкек, 05.10.23. /Кабар/. Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков Иран Ислам Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Голам Хоссейн Ядегари менен жолугушту. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушууда айыл чарба тармагынын аспектери, анын ичинде айыл чарба өндүрүшү, айыл чарба товарларын экспортто жана Кыргызстан менен Ирандын ортосундагы техникалык кызматташтык талкууланды.

Эки тарап бул жаатта кызматташууну бекемдөөгө жана айыл чарба продукциясын экспорттоону кеңейтүүгө даяр экендигин билдиришти.

Министр Жаныбеков өлкөнүн экономикасынын негизги тармагы катары айыл чарбасын өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, Иран менен кызматташуу Кыргызстандын айыл чарба продукциясынын сапатын жана дүйнөлүк рынокто атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга жардам берерин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий