• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Москвада белгисиз адам кыргызстандыкты сүзүп, кырсык болгон жерден качып кеткен

Коом 0

Бишкек, 4-август /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Москвада белгисиз адам кыргызстандык кызды сүзүп, кырсык болгон жерден качып кеткен. Бул тууралуу Россиядагы Кыргызстандын элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын берген маалыматына ылайык, 20-июлда болжолу менен саат 14:00 Воронцовка 19 Б көчөсүндө кыргыз жаранын арты менен жүрүп келаткан унаа сүзүп кеткен. Натыйжада жабырлануучу башы менен тийип, эсин жоготкон, унаанын айдоочусу окуя болгон жерден качып кеткен.

Жардам көрсөтүү максатында элчиликтин кызматкерлери жабырлануучунун акыбалын сурап келишкен. 2-августта элчиликтин өкүлдөрү Москванын прокуратурасынын кызматкерлери менен жолугуп, кырсык боюнча дыкат текшерүү жүргүзүп, күнөөлүүнү жоопкерчиликке тартуу боюнча элчиликтин расмий кайрылуусун тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий