• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Москвада КМШ Экономикалык кеңешинин 80-жыйыны өттү

Өкмөт 0

Бишкек, 08.12.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков Москва шаарында (Россия Федерациясы) тажик тараптын төрагалыгы астында өткөн Көзкарандысыз мамлекеттер шериктештигинин Экономикалык кеңешинин 80-жыйынына катышты.

Кеңешменин жүрүшүндө санариптик экономиканын өнүгүү шартында КМШга мүчө-мамлекеттердеги атаандаштык саясаттын уюштурулушуна байланыштуу маселелер каралды.

Ошондой эле КМШ өлкөлөрүнүн Өкмөт башчыларынын кеңешинин темир жол транспортунда макулдашылган баа саясатын бекитүү Концепциясы тууралуу чечимин ишке ашыруу жөнүндө маалымат угулду.

Жыйындын жыйынтыгы боюнча тараптар 9 чечимге кол коюшуп, ошондой эле КМШ Экономикалык кеңешинин 3 протоколдук чечими кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий