• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жээнбеков: Көп улуттуу элдердин биримдигин бекемдөө боюнча иштерди жүргүзүү өзгөчө маанилүү

Өкмөт 0


Бишкек, 14-июнь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Бахтияр Салиев менен Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу союзунун төрагасы Эмил Алымкуловду кабыл алды. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Жолугушууда өзүн-өзү башкаруу тармагын өнүктүрүү жана келечекте республика боюнча этностор аралык мамилени чыңдоо тууралуу мамлекеттик саясатты ишке ашыруу маселелери талкууланды.

Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков көп улуттуу элдердин биримдигин бекемдөө боюнча иштерди жүргүзүү өзгөчө маанилүү жана дайыма көңүл буруп, бардык мамлекеттик органдардын жетекчилиринин жана жарандардын бирдиктүү иш алып баруусун талап кыларын билдирди.

Сооронбай Жээнбеков ар түрдүү этникалык бирикмелер чогуу жашаган Кыргызстанда, өлкөдөгү ар бир жарандын кызыкчылыгы үчүн келечекте конструктивдүү этностор аралык диалогду өнүктүрүү жана аны сактап калуу үчүн эффективдүү аракеттерге жетишүү керектигин баса белгиледи.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Бахтияр Салиев жана Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу союзунун төрагасы Эмил Алымкулов, аймактарга инвестиция тартуу, донорлор менен иштөө жана административдик-аймактык реформаны оптимизациялоо үчүн жергиликтүү башкаруу органдарынын ишине дем берүү милдеттери тууралуу маалымат берди. Мындан сырткары республикадагы бардык жергиликтүү башкаруу органдарын бириктирген союздун ишмердүүлүгү, борбордук жана жергиликтүү деңгээлде алардын кызыкчылыгын коргоого карата көрүлүп жаткан аракеттер тууралуу да айтылды.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттик менен Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу союзунун иши мамлекеттик органдар менен жергиликтүү органдардын мамилесин бекемдөөгө, аймактарды өнүктүрүүдөгү социалдык-экономикалык маселелерди чечүүгө,жергиликтүү органдардын ишин жакшыртууга жана этностор аралык ынтымактык бекемдөөгө багытталышы керектигин баса белгиледи.

Ал жергиликтүү органдардын ишин жакшыртуу, айылдык аймактарды дотациядан чыгаруу, мыйзам долбоорлордун жана башка нормативдик укуктук актылардын иштелип чыгуусуна активдүү катышуу ошондой эле республиканын чектеш аймактарындагы аткарылган иштерге анализ жүргүзүү багытында бир топ тапшырмаларды берди.

Пикир

Оставить комментарий