• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Москвада кыргыз жараны октон жабыркаганы кабарланды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Москвада кыргызстандык мигрант октон жабыркаганы кабарланды. Шаардык “Москва” маалымат порталы күч органдарына таянып 16-февралда билдиргендей, ал такси айдап иштеп жүргөнү аныкталган.

Ок чыгарган 30 жаштагы адам кармалган. Сурак учурунда шектүү травматикалык тапанча колдонгонун, экөө тааныш эместигин, өз дарегине айтылган мазактоодон улам атып жибергенин белгилеген.

Жабырланган кыргызстандык 29 жашта. Ок мойнуна тийген. Учурда ооруканада. Окуянын чоо-жайы такталууда. Кылмыш ишин козгоо маселеси каралып жатат.

Булак: "Азаттык"

Пикир

Оставить комментарий