• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Мозгачева: Бишкекте 118 миңден ашуун адам жок дегенде бир доза вакцина алышты

COVID - 19 0

Бишкек, 10.08.21. /Кабар/. Бишкекте 118 миңден ашуун адам жок дегенде бир доза вакцина алышты. Бул тууралуу Бишкектин вице-мэри Виктория Мозгачева брифингде билдирди.

Анын айтуусуна караганда, 2021-жылдын 9-августуна карата 118 миң 640 адам эмдөөдөн өтүп, анын ичинен биринчи дозасы менен 71 миң 600 адам, ал эми экинчи дозасы менен 47 миң 40 адам эмделди.

"Мындан тышкары, борбордо ыктыярчыларды тартуу менен калк арасында эмдөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө”, - деди Мозгачева.

Ал Бишкекте эмдөө үчүн 71 убактылуу эмдөө пункттары уюштурулгандыгын кошумчалады.

- 19 Үй-бүлөлүк медицина борбору жана 7 филиал;
- студенттер үчүн шаардык поликлиника;
- порттук-реабилитациялык борбор;
- Темир жол ооруканасы;
- “Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармалыгынын клиникалык ооруканасы” Мамлекеттик мекемеси (Спецполиклиника);
- 8 жеке медициналык борбордо;
- 3 билим берүү мекемесинде;
- 19 конуштарындагы медициналык амбулаториясында;
- 8 соода борборунда;
- 2 парк аймагында.

Пикир

Оставить комментарий