• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

МСК: депутаттын ККМ колдонбогондугу үчүн лицензия алынып жатат деген билдирүүсү чындыкка дал келбейт

Экономика 0

Бишкек, 02.06.22. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаевдин 2-июнда пленардык отурумда ККМ колдонбогон ишкерлердин лицензиялары алынып жаткандыгы жөнүндө билдирүүсү чындыкка дал келбегендигин билдирет.

Салык органдары контролдук-кассалык машиналарды колдонбогон ишкерлердин лицензияларын артка чакыртып алууга ыйгарым укуктуу эмес.

Салык мыйзамдарына ылайык, ККМди колдонбоо же бузулганды колдонуу үчүн административдик айып салынат.

Салык кызматы лицензия талаптарын сактабагандыгы үчүн алкоголдук продукцияны саткан субъекттердин гана лицензияларынын колдонулушун токтото турууга укуктуу.

ККМди колдонбогондугу үчүн лицензияларды артка чакыртып алуу фактылары болгон учурда Мамлекеттик салык кызматынын борбордук аппаратына (ишеним телефону (0312)613189) кайрылууну чакырабыз, мында кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча жергиликтүү салык органдарынын жетекчилигине карата тийиштүү чаралар көрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий