• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

МСК: Уюмдарда, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерде салык декларациясын тапшырууга бир жума калды

Экономика 0

Бишкек, 25.03.24. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы юридикалык жактар жана мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер үчүн бирдиктүү салык декларациясын тапшырууга бир жума калгандыгын эскертет.

Эскерте кетсек, 1-апрелге чейин мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, ата мекендик уюмдар, анын ичинде юридикалык жакты түзүү менен дыйкан жана фермердик чарбаларды кошкондо, ошондой эле туруктуу мекеме түзүү менен өлкө аймагында иш жүргүзгөн чет өлкөлүк уюмдар салык декларациясын тапшырышы керек.

Мындан тышкары, 1-майга чейин салык декларациясын жеке жактар жана жеке ишкерлер тапшырууга милдеттүү.

Декларацияны өз убагында тапшырбагандыгы үчүн жеке жактарга административдик айып салынат.

Толук маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, ошондой эле 116 номеринен же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.

Пикир

Оставить комментарий