• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

МСК жыл башынан бери 12,7 миң субъект салык мыйзамдарын бузгандыгын аныктады

Экономика 0

Бишкек, 01.10.18. /Кабар/. Республиканын салык органдары 2018-жылдын башынан бери рейддик салыктык контролдун жана контролдук сатып алуунун жүрүшүндө 34 миң 566 ишкер субъектиге текшерүү жүргүзүштү. Алардын ичинен рейддик салыктык контроль менен 24 миң 960 субъект жана контролдук сатып алуу менен – 9 миң 606субъект камтылган. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан басма сөз кызматы билдирет.

Билдирүүгө ылайык, бул иш-чаранын жыйынтыгы боюнча 12 миң 775 субъектиде салык мыйзамдарынын ар кандай бузуулары аныкталган. Алардын ичинен рейддик салыктык контроль менен – 9 миң 457 бузуу жана контролдук сатып алуу менен – 3 миң 318 бузуу.

Бузуулардын катарында – уруксат берүү документтердин жоктугу (6500), патенттин колдонуу мөөнөтү өтүп кеткен (1104), контролдук-кассалык машиналардын жоктугу (696) же ККМди туура эмес колдонуу (98), чекти урбоо же бербей коюу (2115), акциздик маркалардын дал келбестиги (234), ошондой эле, бузуулардын башка түрлөрү (2028) кездешкен.

Салык мыйзамдарын бузган субъектилерге административдик айыптар салынып, төлөбөгөндөргө карата административдик айыпты мажбурлап өндүрүү максатында материалдар сотко өткөрүлүп берилди.

Белгилей кетсек, рейддик салыктык контроль – бул салык мыйзамдарын бузууларды ыкчам аныктоого багытталган, ишкерлердин финансылык-чарбалык ишмердигин контролдоо болуп саналат.

Контролдук сатып алуу соода операцияларында же накталай акчанын, төлөмдүк банк карточкаларынын жана чектердин жардамы менен кызмат көрсөтүү учурунда акчалай эсептешүүдө контролдук-кассалык машиналарды колдонуу боюнча салык мыйзамдарынын талаптарын сактоо бөлүгүндө ак ниетсиз ишкерлерди аныктоо максатында жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий