• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Улуттук банктын активдериндеги алтындын жалпы көлөмү 50 тоннаны түзөт

Экономика 0

Бишкек, 05.03.24. /Кабар/. 2024-жылдын февраль айынын аягында Улуттук банктын активдериндеги алтындын жалпы көлөмү 49,98 тоннаны түздү, деп билдирди "Кабар" агенттигине берген маегинде Улуттук банктын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев.

Ал белгилегендей, КР мыйзамдарына ылайык, Кыргызстанда казылып алынган жана өндүрүлгөн алтынды сатып алууда министрлер кабинети жана Улуттук банк артыкчылыктуу укукка ээ.

"Ошол эле учурда Улуттук банк алтынды сатып алуу менен чектелбестен, аны эл аралык рынокторго эл аралык баада сатууда. 2023-жылы 1 млрд 88 млн долларга 17 тонна 65 кг алтын саттык. Алтынды тышкы рынокто сатуудан түшкөн каражаттар Улуттук банктын эсебине которулуп, биздин эл аралык резервге түшөт. Бул резервдер, анын ичинде алтынды сатуудан түшкөн валюталык каражаттар министрлер кабинетинин операцияларын жана Улуттук банктын операцияларын, анын ичинде өлкөдөгү макроэкономикалык туруктуулукту сактоо боюнча бардык зарыл операцияларды жүзөгө ашыруу үчүн колдонулат.

Алтын менен операциялар борбордук банктар үчүн акча-кредит саясатын ишке ашыруунун жана өлкөдөгү бааларды жана финансылык туруктуулукту сактоого багытталган негизги функцияларды аткаруунун алкагында стандарттуу операциялар болуп санала тургандыгын белгилегим келет", - деди Бөкөнтаев.

Пикир

Оставить комментарий