• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Муфтий Токтомушев кыргыз-тажик чек арасындагы чырга байланыштуу кайрылуу жасады - видео

Коом 0


Бишкек, 15.03.19. /Кабар/. Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын башчысы, муфтий Максатбек Токтомушев кыргыз-тажик чек арасындагы чырга байланыштуу кайрылуу жасап, мекенибиздин тынчтыгы бардыгынан маанилүү деп билдирди.

Муфтий өз кайрылуусунда, жалпы кыргызстандыктарды сабырдуулукка чакырды.

"Тынч жашап жаткан элди кагыштырган, чагымчылдыкка баргандарды - улуу жаза күтүп турат. Акыл-эстүүлүк жана сабырдуулук кылып, чагымчылдыкка алдырбайлы. Чечилбеген маселе жок. Алданбайлы, азгырылбайлы. Чек ара маселесин тиешелүү органдардын жетекчилери чечет".

Пикир

Оставить комментарий