• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

УКМК: Жасалма акча сатып жүргөн жаран кармалды

Коом 0

Бишкек, 10.02.20. /Кабар/. Жасалма акча сатып жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМКдан билдиришкендей, 7-февраль күнү Бишкек шаарында УКМК кызматкерлери жүргүзгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө 10 миң 500 (он миң беш жүз) евро жасалма акча сатуу учурунда 27 жаштагы А.С. аттуу КР жараны кармалган.

"К.Э.П." ЖЧК акча алмаштыруучу жайынын кассири жана кызматкеринин жардамы менен А.С. аттуу жарандын жасалма акча сатып жүргөндүгү боюнча факты аныкталган.", - деп бидиришти УКМКдан.

Учурда кармалган жаран УКМКнын тергөө абагына камакка алынган.

"Бул мыйзамсыз ишке катыштыгы бар адамдарды аныктоо боюнча тергөө иштери улантылып жатат", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий