• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Муфтий жол коопсуздугуна байланыштуу буйрук чыгарды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 27.11.17 /Кабар/. Кыргызстанда мечиттердин имамдары жана дин өкүлдөрү жол коопсуздугун сактоо багытында эл арасында насаат айта башташты.

Муфтияттын басма сөз кызматынан "Азаттык" радиосуна кабарлашкандай, Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын башчысы, муфтий Максат ажы Токтомушев бул багытта 23-ноябрда буйрук чыгарган. Ага ылайык, дин кызматкерлери кишилер менен жолукканда жана намазга эл чогулган маалда жол эрежелерин сактоо зарылдыгы, адам өмүрү ыйык экени боюнча сабак өтүшөт. Мындай буйрук чыгарууга Кыргызстанда соңку жылдары адам өмүрүн алган жол кырсыктары көбөйгөнү негиз болгон.

Расмий маалыматка ылайык, быйыл жыл башынан бери Кыргызстанда 5 миңден ашуун жол кырсыгы катталып, кайтыш болгондордун саны 700гө чукулдады. Жарадар болгондордун саны 8 миңге жакын.

2016-жылы 6 миңге чукул жол кырсыгынан 900дөн ашуун киши өмүрү менен кош айтышкан.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий