• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Грециянын жана Хорватиянын Президенттери Сооронбай Жээнбековду куттукташты

Президент 0

Бишкек, 26.11.17 /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбековдун дарегине Кыргыз Республикасынын Президенти болуп шайланышына байланыштуу чет өлкөлөрдүн мамлекет башчылары тарабынан куттуктоолор улам келип жатат. Буга чейин Сооронбай Жээнбековду КМШ жана Европа өлкөлөрүнүн мамлекет башчылары, Кытай, Корея, Польша, Чехия, Палестина, Иран, Вьетнам, Монголия, Пакистан Президенттери, Япония, Кубанын премьер-министрлери, Марокко, Сауд Аравиясынын Королдору жана башкалар куттукташкан. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Грек Республикасынын Президенти Прокопис Павлопулос өз куттуктоо телеграммасында төмөнкүлөрдү белгиледи:

«Кыргыз Республикасынын Президенти болуп шайланышыңызга байланыштуу грек элинин жана жеке өзүмдүн атыман жылуу куттуктоолорду жолдоп, кыргыз элине гүлдөп-өнүгүү жана өсүш, ал эми Сизге ийгилик жана бакубатчылык каалайм».

Хорватия Республикасынын Президенти Колинда Грабар-Китарович бул жооптуу кызматта Кыргызстан Президенти өз өлкөсүнүн жалпы прогресси жана анын жарандарынын бакубатчылыгы үчүн ийгиликтүү иштешине ишенимин билдирди. «Учурдан пайдаланып, жарандарыбыздын бакубатчылыгы үчүн жалпы кызыкчылыктарда бардык тармактардагы достук мамилелерин жана кызматташтыкты күчөтүп, бекемдейбиз деген үмүттү жана ишенимди билдирип кетем. Ошондой эле биздин эки өлкөбүздүн потенциалына жетишүү үчүн экономикалык байланыштарыбызды активдештирүү маселеси абдан маанилүү деп эсептейм. Президент мырза, Сизге болгон эң бийик урматтоомду кабыл алып коюңуз», - деп белгиледи Хорватия Президенти өз куттуктоосунда.

Пикир

Оставить комментарий