• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Муфтият ажылык иштерине байланыштуу программисттер ортосунда сынак жарыялайт

Коом 0

Бишкек, 13.03.18 /Кабар/. 2018-жылдын ажылык иштери башталгандыгына байланыштуу Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы 2018-жылдагы ажыларга автоматтык идентификациялоону (RFID) жана алардын географиялык жайгашуу ордун аныктоону колдонуу, мисалы: Google Mapsтын жардамы менен мобилдик тиркемени иштеп чыгуу боюнча IT-программисттердин жана ошол тармакта иштеген юридикалык жактардын ортосунда сынак жарыялайт.

Муфтияттан билдиришкендей, сынакка катышуу үчүн билдирме кабыл алуу 2018-жылдын 12-мартынан тартып, 2018-жылдын 26-март күнү саат 17:00гө чейин уланат.

Сынакка катыша турган талапкерлерге коюлган талаптар тууралуу кененирээк маалымат алуу үчүн Муфтияттын төмөнкү дарегине кайрылса болот:

Бишкек ш., Гоголь көч, 57 (Москва көчөсүнүн кесилишинде).

Байланыш тел: 0778900601, 0553706716 тел/факс: 0312 48 61 67, э-почта:muftiyat.hajj@mail.ru

Сынак өтө турган күн: 27-март, 2018-ж. Саат 11:00

Жайы: Муфтияттын жыйындар залы.

Документтерди кабыл алуу: 2018-жылдын 12-мартынан, 26-март күнү 17:00гө чейин.

Жыйынтыкты жарыялоо күнү: 28. 03. 2018ж.

ЭСКЕРТҮҮ: Жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөттөн кечиктирилген арыздар кабыл алынбайт.

Пикир

Оставить комментарий