• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Муфтият быйылкы садака-битирдин өлчөмүн жана тартибин бекитти

Коом 0

Бишкек, 28.03.22. /Кабар/. Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңеши жана Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы өлкө боюнча 2022-жылга карата садака-битирдин баасын бекитти.

"Садака-битир берүүчү адам жогоруда көрсөтүлгөн баалардын кайсынысын чыгарса өз ыктыяры. Бай-бечара муктаждардын пайдасы үчүн көбүрөөгүнөн чыгаруусу абзел. Баалардын туруксуздугуна байланыштуу, саадка-битир берген учурда 1 кг 600 грамм буудай (буудай, ун, мейиз), же 3 кг 600 грамм (арпа, куурма), баасына көңүл бурууңуздарды суранабыз", - деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, садака-битир берүүчү адам жогоруда көрсөтүлгөн баалардын кайсынысынан чыгарса өз ыктыяры.

2022-жылдагы зекеттин тартиптери жана өлчөмү

Нет описания.

Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңеши жана Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы өлкө боюнча 2022-жылга карата зекеттин баасын бекитти.

1. Ар бир мусулман пенденин байлыгы ислам шариятында көрсөтүлгөндөй зекет (нисабына) өлчөмүнө жетип, колунда кармалып турганына бир жыл толсо, ал мусулманга зекет берүү парз болот.

2. Зекетке ошол байлыктын кырктан бир (40/1) бөлүгү, башкача айтканда, 2,5% берилет.

3. Зекеттин (нисабы) өлчөмү алтын эсебинде 20 (мискалга) алтынга барабар. 20 мискал орто эсеп менен 85 грамм алтынга туура келет. Ал эми күмүштүн өлчөмүнө караганда 612,36 граммга туура келет. Кыргызстанда 1 грамм (жасалга болбогон-лом) алтындын орточо баасы 3300 сом. Ал эми 1 грамм уюутулган күмүштүн баасы 68 сом.

Жыйынтыгында: Алтын баасында эсептегенде: 85 грамм алтынды (585-проба менен) 3300 сомдон эсептегенде 280500 сом болуп, анын кырктан бири 7013 сом. (Эгер АКШ доллары менен эсептегенде 2862 доллар болуп, анын кырктан бири 72 доллар).

Күмүштүн баасы менен эсептегенде: 612,36 грамм күмүштү (орто эсеп менен) 68 сомдон эсептегенде 41641 сом болуп, анын кырктан бири 1041 сом. (Эгер АКШ доллары менен эсептегенде 425 доллар болуп, анын кырктан бири 10,7 доллар).

Жогоруда аталган зекет төрт нерседен берилет: Алтындан, күмүштөн, нак акчадан, товарлардан (соода-сатык ниетинде сатып алынган буюмдар).

Пикир

Оставить комментарий