• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Муфтият: Кыргызстандык зыяратчылар ажылык амалдарын аткарып бүтүштү

Коом 0

Бишкек, 15.08.19. /Кабар/. Кыргызстандык зыяратчылар ажылык амалдарын аткарып бүтүп, Мина өрөөнүнөн толугу менен Мекке шаарына кайтып келишти.

Муфтияттан кабарлашкандай, ажылар учурда кетүүгө камылга көрүшүүдө.

"17-августтан 1-сентябрга чейин мекендештерибиз Жидда-Бишкек, Жидда-Ош жана Медина-Ош багыттары боюнча өлкөбүзгө кайтышат", - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, быйыл Сауд Аравиясы Кыргызстан үчүн 6010 квота бөлүп берген.

Пикир

Оставить комментарий