• 88.68
  • 95
  • 0.95

ИИМдин өкүлдөрү кантип өрттүн алдын алуу керектигин айтып беришти

Коом 0

Бишкек, 19.09.18. /Кабар/. Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү кантип өрттүн алдын алуу керектиги тууралуу айтып беришти. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынынын жүрүшүндө ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Анын маалыматына ылайык, өрттүн профилактикасы милиция кызматкерлеринин ишинде артыкчылыктуу багыттардын бири болуп калды.

Ички иштер органдарынын кызматкерлери өрттү эскертүү жана алдын алууга багытталган бир катар иш-чараларды өткөрүп жатышат. Тартип сакчыларынын башкы максаты – өрттөнүп кетүүнүн жана анын кесепеттеринин алдын алуу. Чоң профилактикалык иш жүргүзүлүп жатат: милиция кызматкерлери жарандар менен жолугушуп, жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары жана Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен тыгыз өз ара байланышты орнотушууда. Ошондой эле жарандардын массалык эс алуу жайларында биргелешке рейддик иш-чаралар өткөрүлүп жатат.

“Соода түйүндөрү, көңүл ачуучу борборлорду пайдаланууда электр тармактарына күч келтирүүгө байланыштуу коомдук тамактануучу жайларда, жылытуучу жабдыктарда бардык жалпыга маалымдоо каражаттарын тартуу менен өрттүн себептери жана кесепеттери жөнүндө түшүндүрүү иштери уюштурулат”, - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Аталган ишти жүргүзүүнүн максаты КРнын шаарларындагы жана калк жашоочу аймактарындагы өрттөрдүн санын азайтууга багытталган иш-чаралардын топтомун ишке ашыруу болуп эсептелет.

Өрттүн алдын алып, оор кесепеттерин жоюу үчүн:

Өрт чыгары менен эскерте турган сигнализация орнотуу. Өрттүн бардык түрүн адистер келгенге чейин өчүрүүгө керек болгон каражаттарды даярдап коюу. Бардык жайлар заманбап сигнализация жана түтүн сенсорлору менен жабдылышы керек.

Кафенин жана ресторандын ачылышынын биринчи күнүнөн тарта журнал алып, ага өрттү өчүрүүчү каражаттардын учурдагы абалын жазып, бузууларды бекитип туруу керек.

Электр тармагына бир нече электр шаймандарын бир убакта кошуу өрттүн себеби болушу мүмкүн.

Электр жылытуучу шаймандарды: электр үтүктөрдү, электр плиталарын карабай таштап койбоо керек. Ал эми электр от жагуучу мештерди эмеректерден, башка күйүп кетүүчү буюмдардан алыс орнотуу зарыл. Үйдөн, соода дүйүндөрүнөн жана коомдук тамактануучу жайлардан чыгып баратканда шаймандарды сууруп коюу керек.

Бузулган электр орнотуучу буюмдарды колдонбоо керек.

Турмуштук химия буюмдарын колдонууда абайлоо керек. Дезодоранттар, аэрозолдор, нитро жана май сырлар, эриткичтер кооптуу. Аларды колдонуунун алдында колдонуу боюнча көрсөтмөнү көңүл буруп окуп чыгуу керек.

Газ шаймандарын колдонуп жатканда аларды кароосуз калтырбоо. Ич кийимди газ плитасынын үстүндө кургатуу кооптуу, ал күйүп кетиши мүмкүн.

Бензин, керосин жана башка күйүүчү суюктуктарды металл жабык идиште сактоо.

Чөп, саманды жана башка бат күйүп кетүүчү нерселерди чатырда сактабоо.

Балдарга күйүп турган электр жана газ шаймандарын карап туруусун суранбоо. Аларга өз алдынча электр жана газ шаймандарын күйгүзүүгө жол бербөө.

Ширеңке, керосин, бензин жана башкаларды балдар жете турган жерлерге сактабоо. Аларга ширеңке менен ойноого жол бербөө.

Төшөктө жатканда чылым чекпөө.

Өрт чыккан жер түтүнгө толуп калса, полго жакын болуп ал жактан чыгып кетүү. Түтүнгө толгон жайдан ным кездемелер менен бетти жаап чыгуу.

“Өрттү өчүрүүгө караганда, алдын ала эскертүү жеңил. От менен абайлаңыздар. Өзүңөрдүн жана жакындарыңардын коопсуздугу тууралуу унутпаңыздар. ИИМ өрт коопсуздугун сактоонун үстүндө көзөмөлүн күчөтөт жана тиешелүү мамлекеттик органдар менен көңүл ачуучу жайларда, коомдук тамактануучу жайларда, соода борборлорунда тыкыр текшерүү жүргүзөт”, - деп белгилешти ведомстводон.

Пикир

Оставить комментарий