• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абад: өнөр жайда эки эсеге жакын өсүш болду

Аймак 0

Бишкек, 19.09.18. /Кабар/. Жалал-Абадда 2018-жылдын 9 айынын ичинде өндүрүлгөн өнөр жай продукциясынын физикалык көлөмү салыштырмалуу баалар менен алганда өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дээрлик 2 эсеге, тактап айтканда 180 пайызга өскөн. Бул тууралуу шаар мэриясынын жергиликтүү экономикалык өнүгүү бөлүмүнөн билдиришти.

Эгерде өнөр жайдагы жалпы өндүрүштү алсак, анда өткөн жылдын 9 айында салыштырмалуу баалар менен 2 миллиард 25,8 миллион сомдук өнөр жай продукциясы өндүрүлгөн эле. Быйылкы 9 айда анын көлөмү 2 миллиард 338,2 миллион сомго жетти же салыштырмалуу 312,4 миллион сомго көптүк кылат. Демек, өткөн жылдын 9 айына караганда өсүү темпи 115,4 пайызды түздү.

Шаардагы өнөр жай ишканаларынын башкы аракети өндүрүлгөн продукциянын атаандаштыкка туруктуулугу жана экспорттук мүмкүндүктөрдү арттыруу деп билдиришти жергиликтүү экономика бөлүмүнөн.

Пикир

Оставить комментарий