• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Муфтият пандемиядан кийин алгачкы умра сапарын уюштурду — зыяратчылардын алгачкы тобу учуп кетти

Коом 0

Бишкек, 16.11.22. /Кабар/. Муфтият тарабынан уюштурулган умра сапарына алгачкы 60 адамдан турган топ Ош эл аралык аэропортунан учуп кетти.

Муфтияттын маалымат кызматынан кабарлашкандай, аталган топту үч умра башчы жетектеп барууда.

Белгилей кетсек, муфтият пандемиядан бери умра сапарын уюштура элек болчу. Кичи ажылыктын баасы 1 миң 350 АКШ долларын түзөт.

"Кичи ажылыктын ибадаттык маанисин көтөрүү, жарандарга сапаттуу диний кызмат көрсөтүү, ханафи мазхабынын тартибин сактоо сыяктуу зарылдыктардан улам, КМДБ умра сапарын уюштурууга киришкен", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий