• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу дистанттык жол менен жүргүзүлө баштады

Коом 0

Бишкек, 18.10. 19. /Кабар/. Мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу дистанттык жол менен жүргүзүлө баштады. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Министрликтен белгилешкендей, Билим берүү министрлигинин алдындагы педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институтунда мугалимдерди окутуу үчүн беш компьютердик класс ачылды.

Окутуунун жаңы дистанттык ыкмасы мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу системасын өзгөрттү. Эгер мурда мугалимдер эки жума лекция, семинарларды угуп, реферат жазышса, азыр педагогдор бир апта дистанттык түрдө окуп, экинчи жумасында Бишкекте практикадан өтөт. Окутуунун жыйынтыгында алар өз иштерин коргоп, электрондук тесттен өтүшөт.

"Буга чейин курстардын тематикасы теориялык билимди өнүктүрүүгө багытталса, азыр окутуунун темалары мектеп, бала бакча боюнча практикалык жөндөмдөрдү өнүктүрүүгө багытталган. Педагогдорго жаңы билим берүү да үйрөтүлүп, максат коюу технологиялары, өз ара интерактивдүү байланышуу, окутуунун заманбап технологияларын колдонуу боюнча практикалык жөндөмдөр үйрөтүлөт", - деп айтылат.

Мугалимдердин квалификациясын жогорулатуунун бул ыкмасы окуудан өткөн педагогдордун санын жылына 2 миңден 8 миңге чейин жеткире алат. Мындан сырткары дистанттык окутуу республикалык бюджеттен каржыланган мугалимдердин командировакалык чыгашасын эки эсеге азайтат.

Институттун дистанттык окутуу платформасында беш онлайн курс жайгаштырылган:

· "Пландаштыруу жана стандарттар";

· "Баалоо";

· "Кыргызстандын мектептериндеги маалымат жана байланыш технологиялары";

· "Активдүү, интерактивдүү окутуу";

· "Мугалимдердин тынымсыз кесиптик өнүгүүсү"

Дистанттык окутуу бул жылы Чүй облусундагы мугалимдер үчүн уюштурулду. 2020-жылдан тартып бул ыкма өлкөнүн бардык облустарында жүрүзүлө баштайт.

Пикир

Оставить комментарий