• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Профессор Адыл Жуматурду: Кыргыз-кытай достугунун тамыры терең, өзөгү бекем

Коом 0

Кытай Эл Республикасы жакында эле коммунисттик башкаруудагы мамлекет болгонунун 70 жылдык мааракесин чоң салтанат менен белгиледи. Тяньаньмэнь аянтында аскердик техника, заманбап курал-жарак даңазаланган ири парад болуп, ага дээрлик 100 миңге жакын адам катышкан. Мааракелик иш-чарага арналган салтанатка күбө болгондордун арасында профессор, Кытай илимдер академиясынын Улуттук адабият институтунун түндүк элдеринин улуттук адабиятын изилдөө бөлүмүнүн башчысы, филология илимдеринин доктору, докторантуранын жетекчиси Адыл Жуматурду да болгон.

Саламатсызбы, урматтуу профессор Адыл Жуматурду! Алгач Сизди Кытай Эл Республикасынын түзүлгөндүгүнүн 70 жылдыгы менен чын жүрөктөн куттуктайм. Ушундай маанилүү күндө Сиз менен маек уюштуруп жатканыма абдан кубанычтамын.

— Саламатсызбы! Ыраазычылык билдирем! «Кабар» улуттук агенттигине маек берип берип жатканыма абдан кубанычтамын.

Ыракмат! Маегибизди баштасак, алгач Кытай Эл Республикасынын түзүлгөндүгүнүн 70 жылдыгына арналып, Тяньаньмэнь аянтында өткөн салтанаттуу аскер параддан кеп уралы. Сиз парадга сыйлуу конок катары көрүүчү болуп катыштыңыз. Ушул маараке тууралуу жана андан алган сезимдериңизди айтып берсеңиз.

— Абдан жакшы. Мен 1-октябрь күнү 70 жылдыкты белгилөө салтанатына күбө болдум. Ал күн абдан эсте каларлык, унутулгус, толкунданткан күн болду. Жан дүйнөнү сыймыктануу сезими ээледи, майрамдык маанай абдан сонун болду. Республика түзүлгөндүгүнүн 70 жылдыгына арналган бул иш-чарада Кытай Эл Республикасы өзүнүн саясий, экономикалык, аскердик жетишкендиктерин жалпы журтка жарыялады. Армия келбетинин сүрүн көрсөттү, техникалар жана башка жетишкендиктер мамлекеттин дүркүрөп алга өнүгүп, жалпы элдин турмушу оңолуп баратканын билдирди. Төрага Си Цзиньпин, мамлекеттик жана партиялык жогорку бийликтин өкүлдөрү келип белгилөө салтанатына катышты жана аскердик парадга, массалык парадга күбө болушту. Иш-чара бул экөө менен гана чектелбестен, ошол күнкү кечиндеги Тяньаньмэнь аянтында өткөн массалык ыр-бий оюн-зоок чоң салтанат, 29-сентябрда Элдик курултайдын жыйын залында Төрага Си Цзиньпин “Республикалык орден” жана “Мамлекеттик ардак наам” ыйгаруу аземи жана ошол күнү кечиндеги “кытайлык уул-кыздар, чымырканалы!” аттуу атайын концерттик кече жана сый дасторконду да өз ичине камтыйт. Ал эми 30- сентябрда элдик каармандардын эстеликтерине гүл коюлган аземи да кыймылдын маанилүү мазмуну. Мен 1-октябрда өткөн парадга жана 29- сентябрдагы концерттик кечеге күбө болдум.

1-октябрдагы салтанаттуу иш-чараны Төрага Си Цзиньпин өз сөзү менен көшөгөсүн ачты. Төрага сөзүн Кытай Эл Республикасынын курулушу үчүн, мамлекеттин кудурети, элдин бейпил жашоосу үчүн кан-жанын берген көңтөрүштүк каармандарына болгон урматын жана сагынычын билдирүү менен сөзүн баштады. Бүт мамлекет калкына, чет өлкөлөрдөгү мекендештерге жана өлкөнү колдогон баардык чет өлкөлүк досторго жылуу салам билдирип, терең ыраазычылыгын айтты. 70 жылдык оорчундуу күрөштүн тарыхына кайрылып, бул алкакта ар улуттан турган түйшүкчүл жарандардын социализмдин өнүгүшүнө, жалпы өлкөнүн өнүгүп-өсүшүнө чоң салым кошконун белгиледи. Сүйлөп жатып Төрага “бүгүн социализмдик Кытай дүйнөнүн чыгышында ишеничтүү билдирди. Биздин өлкөнүн бараандуу ордун эч ким былк эттире албайт жана кытайлыктардын, жуңхуа улутунун кадамына ар кандай күч тоскоол боло албайт” “алгалоонун кадамында, биз тынчтык жана өнүгүү нугунан тайбай, өз ара пайда жеткирүү, ачык саясатын колдонобуз, адамзаттын орток тагдыры үчүн уландуу алгалайбыз” деген сөздөрүн терең ишеним менен айтты. Төрагананын сөздөрүндөгү өзүнө болгон толук ишеним жалпы элди сыймыктантты жана толкундантты. Айтылган сөздөр жалпы жер жүзүндөгү тынчтыкты сүйгөн өлкөлөрдүн, адамдардын колдоосуна толук ээ болот деп ишенем.

Адыл агай, 70 жылдыкка арналган сыйлоо салтанатында Мамлекеттик ардак наамга татыктуу болгон этникалык кыргыз чоң эне Төрага Си Цзиньпиндин колунан “Эл үлгүсү” эң жогорку мамлекеттик наамды жана алтын орденди алганын көрдүк. Кыргыздар мейли Кытайда болобу, мейли Кыргызстанда болобу, бир улут болуп эсептелет. Бир боор эл катары, чоң эненин ардак наамын чын жүрөктөн куттуктайбыз!

— Ооба, бул жолу Республикалык баатыр наамына 8 адам, Мамлекеттик ардак наамына 28 адам татыктуу болду. Мындан тышкары, дагы чет өлкөлүк 6 адамга достук байланышты бекемдөөгө жана мамлекеттин өнүгүүсүнө кошкон көрүнүктүү салымы үчүн “Достук ордени” ыйгарылды. Мамлекеттик ардак наамга татыктуу болгондордун арасында Бурмакан Молдо аттуу кыргыз чоң эне бар. Жарым кылымдык өмүрүн чек ара коргоого арнаганы үчүн ушул наамга татыктуу болуп отурат. Мамлекеттик эң жогорку ардак наамга татыктуу болгону үчүн, кандашыбыз катары Бурмакан Молдо чоң эне менен абдан сыймыктанабыз!

Айтсаңыз, учурда Кытайда жашаган кыргыздардын саны канча? Алар негизинен кайсы жерлерди байырлашкан? Алардын турмуш абалы кандай?

— Кытайда жашаган кыргыздардын саны 200 миңден ашат. Кыргыздар негизинен СУАРдын Акчий, Улуучат, Актоо, Артыш сыяктуу райондор жана шаарларында жайгашкан. Андан тышкары, Түндүк Синьцзяндын Текес, Моңгөкүрө, Дөрбүлжүн райондорунда, Түштүк Синьцзяндын Аксуу, Кашкар, Хотен аймактарында да кыргыздар бар. Түндүк Чыгыш Кытайдагы Фуйу районунда да 2000ге жакын кыргыз жайгашкан. Кыргыздар Кытайдын кайсы гана аймагында жашабасын алар Кытайдагы 56 улуттун бири катары мамлекеттин өнүгүп жаткан жемишин татып, көрсөткөн жардамдарына ээ болуп, жашоосу жакшы өтүп келе жатат. Мамлекеттик реформа, жакырлыктан кутулуп өнүгүү долбоорлорунун алкагында, тоолуу аймактарда көчүп-конуп жашаган кыргыздарды туруктуу отурукташтыруу саясатынын шарапаты менен кыргыздар шаарлашууга карай багыт алды. Кытайдын эң өнүккөн провинцияларында, ири калааларында окуган кыргыз жаштарынын да саны артты. Кытайда жашаган кыргыздардын жашоосун жогоруда айтылгандан эле байкасак болот.

Кыргызстан жана Кытай тоо-ташы, суусу туташкан ирегелеш коңшу эл катары, жалпы беткей стратегиялык шериктештик байланыш түзүлгөн мамлекеттерден болуп эсептелет. Жакынкы жылдардан бери эки өлкөнүн жетекчилеринин демилгеси менен өз ара байланышы өрчүдү, достук бекемделди. Сиз мына ушундай тарыхый окуяларга күбө болуп турган адам катары, кыргызстандыктар менен кандай ойлоруңузду бөлүшкүңүз келет?

— Ооба, кыргыз-кытай достугунун тамыры терең, өзөгү бекем. Хан династиясы учурундагы Ли Лиңсангундун байыркы кыргыздарга барып сиңишип кеткенин, Таң династиясынын залкар акыны Ли Байдын Токмокто туулганын айтпаганда да, учурда Бишкек шаарындагы Ден Сяопин атындагы көчө, Чолпон-Ата шаарындагы Рух ордо комплексинен орун алган Сыма Чяндын эстелиги, жакында Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын алдынан орун алган кытайлык залкар кыргыз манасчы Жүсүп Мамайдын эстелиги сыяктууларды эки өлкөнүн өз ара достук байланышынын далили деп айтууга болот. “Бир алкак - бир жол” демилгеси да эки өлкө ортосундагы ар тараптуу байланыштардын алтын көпүрөсүн курууга чоң салым кошуп жатат. Эки өлкө лидерлеринин өз ара расмий иш сапарлары мындай байланыштардын жанданышына ири таасирин көргөздү. Быйыл 11-июнда Төрага Си Цзиньпин Кыргызстанда болгон мамлекеттик иш сапарга баруудан мурда Кыргызстандын беделдүү басма булактарынан жарыялаган Кытай-Кыргыз достугу тууралуу макаласында, “эки элдин достугунун тарыхый тамыры терең, 2000 жылдар мурда Хан династиясынын Жаң Чян аттуу өкүлү байыркы Жибек Жолун бойлоп, батышка сапар тартып, байыркы Суяп шаарынан өткөн, андан канча жүз жыл өткөн соң, кыргыздар канча миң чакырымдык жол жүрүп, Таң династиясынын ордо балыгы Чаң-Анга келген. Алар кетеринде сонун жибектерди, чополорду алып кайтышкан жана өз ара улуу достук орнотушкан. Таң династиясынын залкар акыны Ли Байдын көркөм саптарын эки өлкөнүн жарандары бирдей жатка билишет. 2000 жылдык тарыхы эки өлкө элдеринин курагыс достук сезимдерин жаратты” - деп жазган. Макалада дагы Кытай жана Кыргызстан “жакшы коңшу, жакын дос, жандай шерик, жан аяшпас бир тууган” болушуп, эл аралык чөйрөдө өз ара урматташуу, тепетең кызматташуу, өз ара пайда берүү сыяктуу жаңыча алакалары менен өрнөк жаратканы айтылат. “Бир алкак - бир жол” кызматташтыгы тереңдеп, эки өлкөнүн достугу ого бетер бекемделип, эки элдин мамилеси түбөлүктүү болоруна бекем ишенем.

Ыракмат, Адыл агай! Төрага Си Цзиньпин жогорку макаласында эки өлкөнүн бирдей руханий дөөлөтү болгон “Манас” эпосун жана кыргыз элинин дүйнөгө белгилүү залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовду тилге алганы кыргызстандыктарды кубандырды. Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарда Төрага Си Цзиньпин Кыргызстандын Президенти С.Ш.Жээнбековдун чакыруусу менен дагы бир сонун белек ала келген. Ал - Кытай Борбордук опера театры даярдаган “Манас” операсы. Опера Кыргызстанда коюлганда элди абдан толкундантты. КР Президенти С.Ш.Жээнбеков аталган операга баа берип: “Манас операсынын Бишкек те көрсөтүлүшү кыргыз жана кытай элдеринин узактан берки достугун айгинелеп турат, бул эки өлкөнүн өз ара алакасынын өнүгүшүн түртмөктөөчү тарыхый чыгарма.”-деп айтты. Бул “Манас” эпосунун Кытай жана Кыргызстан элдеринин көңүлүндөгү бийик ордун көрсөтүп турат деп эсептейбиз.

— Албетте. Төрага Си Цзиньпин белгилеп кеткендей, “Манас” эпосу эки өлкөнүн бирдей руханий дөөлөтү. “Манас” эпосу Кытайдагы тибеттердин “Гэсары”, монголдордун “Жаңгыр” эпостору менен бирге Кытайдагы үч чоң эпостордун бири болуп эсептелет. “Манас” эпосуна мамлекет чоң маани берип, 2006-жылы Кытайдагы материалдык эмес маданий мурастардын тизмесине кирген. 2009-ж. болсо Кытай өкмөтү жагынан ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастардын тизмесин каттоосуна кирди. 2013-ж. Кыргызстан да “Манас” эпосунун үчилтигин адамзаттын руханий баалуулугу катары ЮНЕСКОго каттатты. Бул залкар элдик чыгарма эбегейсиз маданий- руханий баалуулугу менен Кытай жана Кыргызстан элинин алакасында алтын көпүрө болуп калды. 2018-жылдын июнунда КР Президенти С.Ш.Жээнбеков Кытайга ШКУнун саммитине катышуу үчүн жана мамлекеттик иш сапар менен келгенде, биз алдыда кеп кылган “Манас” операсы ал кишинин урматы үчүн көрсөтүлгөн. Ошол кезде эпосту кытай тилине которгон адис катары мен да болгом. Мамлекеттин тиешелүү мекемелеринин орундаштыруусу менен мен Кыргызстандын Президенти Сооронбай Жээнбековдун жанында олтуруп операны көрдүм. Ал мен үчүн абдан маанилүү, унутулгус көз ирмем болгон.

Кытай Айтматовдун окурмандары эң көп өлкөлөрдүн бири деп угабыз. Айтматовдун дээрлик бардык чыгармалары кытай тилине которулган экен. Былтыр залкар жазуучунун 90 жылдыгы болду, КРнын КЭРдеги Элчилиги Кытай Эл университети менен бирге залкар жазуучунун юбилейин Бээжин шаарында белгилешти. Бул Айтматовдун кытайлык окурмандарынын таасирин айгинелеп берди десек жаңылышпайбыз.

— Ооба. былтыр 14-декабрда Кытай Эл университети жана КРнын КЭРдеги Элчилиги “Айтматов дүйнөлүк маданий контексте” аталыштагы эл аралык илимий шерине жана жаңы китептердин бет ачарын жана сүрөт көргөзмөсүн уюштурушту. Айтматов кино жумалыгы болду. Булардын бардыгы окурмандарга Айтматов дүйнөсүн дагы бир жолу таанытты. Ал иш-чаранын алкагында мен долбоорлоочу жана уюуштуруучу катары милдет аткардым жана Айтматовдун айрым чыгармаларын кытай тилине котордум, негизги баяндаманы жасадым.

Сиздин Манас таануу жана котормо менен көптөн бери алектенип келе жатканыңызды билебиз. Эл арага белгилүү Манас таануучусуз. Филология жана культурология жаатында эмгегиңиз зор. Айтматовдун чыгармаларын да көп которуптурсуз, изилдептирсиз. Бизге Манас таануунун Кытайдагы бүгүнкү абалы тууралуу, өзүңүздүн бул жактагы эмгектериңиз тууралуу айтып берсеңиз.

— Бааңызга ыракмат! Дээрлик Кытайда “Манас” эпосунун жыйналышы, жазып алынышы, изилдениши, которулушу тууралуу сөз кылсак, бул өткөн кылымдын 60-ж. туура келет. Кытай Коммунисттик партиясынын жетекчилиги жана уюмдоосунда, ар кайсы улуттун өкүлдөрүнөн турган изилдөөчү топ Кытайдагы Манас таануунун калыптанышы, өнүгүшү жана жанданышына албан эмгек сиңирген, ийгиликтерге кол жеткирген залкар манасчы Жүсүп Мамайдын жана белгилүү манасчылар Эшмат Маметжусуптун, Сатыбалды Аалынын варианттарын чогултуп, жазып алып, ар кандай тилдерге которушкан. Алар Кытайдагы манасчыларды дүйнөгө таанытууга чоң салым кошкон. Атап өткөн варианттардын ичинде залкар манасчы Жүсүп Мамайдын айтымындагы 8 урпактан турган 300 миңге жакын caп ыр алгачында 18 китеп болуп басмадан жарык көргөн. Кытай тилине да которулган. Булардын баарын өкмөт уюмдап, окумуштуулардын түйшүктөнүүсү менен Кытайдагы Манас таануунун барагына салымын кошкон. Манас таанууга бүт өмүрүн короткон окумуштуулар да болгон, алардын ичинде Лю Фажүн (Liu Fujun) , Шаң Шижиң (Shang Xijing),Tao Яң (Тао Yang), Пазыл Абыкеев, Сакен өмүр, Үсөйүн ажы Асаналыны атап өтсөк болот. Алар “Манас” эпосу тууралуу бир өмүр иштешти. Учурда көзү тирүү алгы муун окумуштуулар дан Лаң Йиң, Ху Чжэньхуаны атасак болот. Булардан башка да көптөгөн окумуштуулар Манас таануу жаатында чоң из калтырышты, эмгек сиңиришти. Аларды бул жерде бир-бирлеп санабадык. Ал эми Айтматов таануу болсо Кытайда өткөн кылымдын 60 жылдарында башталып, жарым кылымдык убакытты басып өттү. Айтматовдун чыгармаларын окуган окурмандарын саны боюнча эң көп өлкө - бул Кытай экени шексиз. Анын бардык чыгармалары дээрлик кытай тилине которулган. Кээ бир чыгармалары кайра-кайра көп жолу басылса, айрым чыгармаларынын котормосу бир канча вариантты түзөт. Кытайда мен деген жазуучулардын көбү Айтматовду жакшы билишет, баалашат. Жазуучунун чыгармачылыгы тууралуу ондогон магистрдык, доктордук диссертациялар корголгон.

Ыракмат!Адыл агай! Манас таануу жана Айтматов таануу жаатында өзүңүздүн эмгектериңиз тууралуу токтолсоңуз.

— Жакшы болот. Мен Манас таануу илимине өткөн кылымдын 80- жылдардын ортолорунан баштап киришкемин. Арадан 30 жыл өттү. Мен кытай тилине которгон варианттын негизинде сценарий жазылып, сахнада опера ойнолгону мен үчүн абдан чоң сыймык. Албетте менин “Манас” тууралуу иштеген жумушум бул гана эмес. Доктордук диссертациям “манасчыларды изилдөө” деп аталат. 2004-ж. коргогом, Кытайда Манас таануу багытында доктордук диссертация коргогон алгачкы окумуштуумун десем жаңылышпайм. Ошол эле учурда Кытайлык кыргыздардын арасында бул илимий даражага жетишкен алгачкы окумуштуумун. Доктордук диссертациям кийин айрым китеп болуп басмадан чыгып, 2007-ж. “Too гүлү” деген мамлекеттик сыйлыкка татыктуу болду. Жубайым Токон (Тотобүбү) Ысак кызы менен биригип жазган “Азыркынын Гомери: залкар манасчы Жүсүп Мамай” деген кытай жазуусунда 2002-ж. басмадан басылып чыккан эмгегибиз да “Too гүлү” сыйлыгына татыктуу болгон. Ал эмгегибиз кытай, кыргыз, япон тилдеринде басмадан чыкты. АКШда да жарык көрдү. Мындан тышкары, “Манас деп ураан чакырып...” “Оозеки салттуулук жана баатырдык эпос” аталыштагы илимий макалалар жыйнагым, “Орто Азия элдик адабияты”, “Кытай кыргыздары” аталыштагы китептерим да окурмандар жагынан кызуу кабыл алынган. Башкы түзүүчү болуп “Кытай манас таануу сөздүгү”, “Кытай манас таануу илими”, “Дүйнө манас таануу илими” аталыштагы сөздүк жана хрестоматияларды басмадан чыгардык. “Дүйнө манас таануу илимине” кыргызстандык бир бөлүк атактуу окумуштуулардын да эмгеги киргизилген. Азыркыга чейин “Манас” эпосу тууралуу 10дон ашык китебим басмадан чыкты. Илимий макалаларымдын 150дөн ашык кытай, кыргыз, англис, япон, орус, корея, казак тилдериндеги ири илимий журналдарда Кытайда, Кыргызстанда, Америкада, Японияда, Россияда, Кореяда, Венгрияда, Казакстанда жарыяланды.

Абдан жакшы. Манас таануу жаатындагы орошон эмгегиңизге таазим! Ийгилик болсун! Айтматов таануу жаатындагы эмгектериңизди да айта кетсеңиз.

— Жарайт. Мен 30 жылдан бери Айтматовдун чыныгы окурманымын. Чыгармалары абдан жагат. Ал киши менен көзү тирүүсүндө бир канча жолу жолугуу мүмкүнчүлүгү болду. Алгачкы жолугушуу 2006-жылдын 5-сентябрында болду. Мен ал кишиге Кытай элдик адабият басмасынан жарык көргөн 3 томдук китебин белекке бергем. Чыңгыз Төрөкулович абдан кубанып, “мен да кытайча билем” деп мага тамашалаган. Академик Абдылдажан Акматалиев экөөбүз ал кишини кашында элек, күлүп калганбыз. 2007-ж ал киши менен дагы бир жолу жолукканда мен Кытайда кыргыз тилинде жарык көргөн 20 см калыңдыктагы “Манас” китепти (Ж.Мамай вариантында) белекке бергенимде ал киши абдан толкундануу менен кабыл алып, ары таңгалып Кытай өлкөсүнүн “Манас” эпосуна болгон мамилесине ыраазы болгон жана жогору баалаган эле. Мурда мен ал кишинин макалаларын кытай тилине которгом. Ал эми 2018-ж. “Адабият жана искусство” аталыштагы публицистикалык жыйнагын биргелешип которуп басмадан чыгардык. Окурмандардын жакшы баасына арзыды.

Уксак, жакында Сиз которгон кыргыз акындарынын ырлар антологиясы кытай тилинде 2 томдук болуп жарык көрүптүр. Биз абдан сүйүндук. Чын жүрөктөн куттуктайбыз.

— Ыракмат! Ооба, антология 2 томдук болуп жарык көрдү. Бул менин эки өлкөнүн маданий алакасы үчүн кошкон дагы азыраак салымым деп эсептейм, Антологияга XX кылымдын 90дон көп акынынын 500дөй ыры тандап киргизилген. Кыргыз поэзиясынын сыйкырдуу күчүн кытай окурмандары алгач жолу таап отурат.

Абдан жакшы. Кыргыз-Кытай маданий алакасынын жанданышы үчүн кошкон салымыңызга ыраазычылык! КЭР курулганынын 70 жылдыгы салтанаттуу белгиленип жаткан бүгүнкү күндө кыргызстандыктарга кандай каалоо-тилектериңиз бар?

— Кытай жана Кыргызстан эки өлкөлүн, эки элдин достугу түбөлүктүү болсун, эки эл саясий, зкономикалык, маданий алакалары өнүгүп-өсүп, жаркын келечекке чогуу аттаналы. Эки өлкөнүн маданий алакасынын дагы да чыңдалышы, бекемделиши үчүн мен дагы да бел байлап аракеттене бермекмин.

Маегиңизге чоң ыракмат, Адыл агай!

Пикир

Оставить комментарий