Мугалимдердин республикалык август кеңешмеси болуп өттү

Билим 0

Бишкек, 28.08.20. /Кабар/. Билим берүү жана илим министрлигинде мугалимердин республикалык август кеңешмеси болуп өттү.

Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, кеңешмеде өткөн окуу жылына анализ жүргүзүлүп, жаңы окуу жылына милдеттер коюлду.

Онлайн форматтагы кеңешмеге райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрү, мектеп директорлору, мугалимдер болуп 500гө жакын делегат катышты.

Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков “Санариптик билим берүү – өлкөнүн өнүгүүсүнүн жаңы этабы” аталышындагы доклад жасады. Исаков пандемия шартындагы окуу жылын аяктоо процессине токтолуп, окуучуларыбыздын ден-соолугуна кам көрүү, ооруну жайылтпоо негизги максат болгонун белгиледи. Министр пандемия учурунда кабыл алынган антикризистик план менен системдүү жумуш алып барылганын, COVID-19 илдети билим берүү системасын санариптештирүүсүн тездеткенин кошумчалады.

“Карантин шартына карабай окуу процесси үзгүлтүккө учураган жок. 4-чейректи аралыктан билим берүү менен жыйынтыктадык. Жалпы республикалык тестирлөө, “Алтын тамга” сынактары толук кандуу уюштурулду. Биринчи жолу быйыл ЖОЖдорго жана ОКОЖдорго абитуриенттерди кабыл алуу онлайн форматта болду. Бул абитуриенттерге бирдей шарт түзүп, окуу жайга кабыл алуудагы коррупциялык көрүнүштөрдү алдын алууга шарт түздү”,-деди Исаков.

Учурда жаңы окуу жылына даярдыктар толугу менен жүрүп жатат. Буга чейин кабыл алынган чечимге ылайык, 1-класстар салттуу режимде билим алышат. Ал эми 2-11-класстын окуучуларына дистанттык форматта билим берүү үчүн 1500 саат телесабактар тартылып бүттү.

Салттуу жана дистанттык форматта билим берүү мезгилинде ата-энелер, мугалимдер, мектеп администрациясы, окуучулар үчүн Консультативдик кеңеш тарабынан атайын нускамалар, методикалар иштелип чыгып, республика боюнча бардык билим берүү мекемелерине жеткирилди. “Санарип мугалим” бир айлыгынан алкагында мугалимдер, ЖОЖ жана колледждердин окутуучулары үчүн дистанттык окутуудагы түрдүү багыттар боюнча вебинарлар өттү. Бул азыр да уланууда.

Кеңешмеде спикерлер: министрдин орун басары Нурлан Омуров, Назарбаев университетинин профессору Дүйшөн Шаматов, Педагогика илимдеринин доктору Кыялбек Акматов, Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун директору Назира Дүйшеева, Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинин директору Мурат Касымалиев жана «Балдардын укугун коргоо» лигасынын жетекчиси Назгүл Турдубекова доклад жасады.

Каныбек Исаков жаңы окуу жылында көп тилдүү билим берүүнү өнүктүрүү, Санарип мектеп моделин жайылтуу жана PISA 2024 баалосуна даярдык көрүүгө басым жасалышы керектигин белгилеп, инклюзивдүү билим берүү, райондук шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчыларынын ишин баалоо критерийлерине көңүл бурула турганын кошумчалады.

Соңунда Кыргыз Республикасынын өнүгүшүнө өзгөчө салым кошкон, кызматтык милдетине карата ак ниет мамилеси үчүн бир катар кызматкерлерге өкмөттүн Ардак грамотасы тапшырылды. Аралыктан билим берүүдө кошкон салымы үчүн ЖОЖ жана мектеп мугалимдери сыйланды.

Пикир

Оставить комментарий