• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Мурдагы судья Жаркееванын иши: Батирди сатып алып, бир айдан кийин соттун чечими тууралуу билдим - күбө

Укук тартиби 0

Бишкек, 29.10.19 /Кабар/. Бүгүн, 29-октябрь күнү Биринчи май райондук сотунда Свердлов райондук сотунун мурдагы соту Элвира Жаркееванын иши боюнча соттук отурум уланууда.

Отурумдун жүрүшүндө Элебаев 2 дареги боюнча жайгашкан үйдөн 2017-жылы батир сатып алган жаран күбө катары көрсөтмө берүүдө.

“2017-жылы биз эски батирибизди сатып, жаңы батир издеп жүргөнбүз. Жарнаманы көрүп, тагыраак билүүнү каалап, жерине келдик. Ошондо бизге бардык батирлер сатылып кеткенин айтып, бир нече эле батирлер калгандыгын айтышты. Соодалашып отуруп, бизге батирдин чарчы метрин 460 доллардан сатышты. Бир айдан кийин мен техпаспортту алганымда, батир соттун чечими менен берилгендигин билдим. Мен эгер документти мамлекеттик мекеме берип жаткандан кийин бары мыйзамдуу эле го деп ойлогом. Бардык формалдуу процедуралар “Дастандын” кеңсесинде жүргүзүлгөн. Кийин сотко кайрылганымда мен батирлер боюнча чечимди ошол кездеги судья Жаркеева кабыл алгандыгын билдим. Соттун чечиминде эмне болгондугу менин эсемде жок”, - деп билдирди күбө.

Күбө түшүндүргөндөй, үйдүн камакка алынгандыгы тууралуу бир жыл мурун гана билген. Кийинчерээк Виктордон унаа токтотуучу жер сатылып алган. Ал аны өзүнүн атынан сатып жаткан. Токтотуучу жер боюнча соттун чечими болгон эмес. Келишим сатып-алуу боюнча түзүлгөн.

Эскерте кетсек, Жаркеевага Кылмыш кодексинин 304 жана 328-беренелери боюнча айып тагылууда.

Жаркеева судья болуп жүргөн кезде атайылап, кылмыштык топтун кызыкчылыгын көздөп жана курулуш компаниянын мүлкүн ээлеп калуу максатында бир катар мыйзамсыз соттук чечимдерди кабыл алган.

Пикир

Оставить комментарий