• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Австралияда британиялык туристтер акулага аз жерден жем болуп кала жаздады

Дүйнө 0

Бишкек, 29.10.19. /Кабар/. Австралиянын туристтер арасында белгилүү болгон Уитсанди аралынын аймагында акула 2 британиялык туристке кол салган. Бул тууралуу австралиялык куткаруучулар билдиргенин РИА Новости жазып чыкты.

"Британиялык туристтер куткаруучуларга Уитсанди жеринде акула кол салган учурда сууну шарпылдатып, жан үчүн күрөшкөнүн билдирген", - деп куткаруучулардын Twitter баракчасында айтылат.

Акула бирөөнүн таманын тиштеп алса, экинчиси оор жаракат алган. Эки британиялык турист ооруканага тик учук менен жеткирилген.

Пикир

Оставить комментарий