• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Мурдагы судья Жаркееванын соту: Отурум жылдырылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 22.10.19 /Кабар/. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда бүгүн Свердлов райондук сотунун мурдагы судьясы Эльвира Жаркеевага байланыштуу сот өтүп жатат.

Сот залына айыпталуучулар алынып келбегендиктен, судья жыйынды саат түшкү бирге жылдырууну сунуштаган. Бирок жактоочулардын башка соттук процесстери бар болгондуктан, отурум башка күнгө жылдырылган.

Кийинки отурум 25-октябрга дайындалды.

Эскерте кетсек, Жаркеевага КРнын ККнин эски редакциясынын 304-б., 4-б, 305-б., 2-б, 2 жана 6 п., 303-б. 1-б., 304-б. 4-б., 328-б. 2-б., 304-б. 4-б. жана 328-б. 2-б. боюнча айып коюлган.

Андан тышкары, Рафилов, Токтосадык кызы, Анарбаев, Айталиев жана Мамановдор айыпталууда.

Пикир

Оставить комментарий