• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Мыйзамсыз баюу боюнча иш: Зилалиевдин уячасында 1 млн долларга жакын акча бар болчу – күбө

Укук тартиби 0

Бишкек, 19.02.29 /Кабар/. Бүгүн, 19-февраль күнү Биринчи май райондук сотунда мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин мыйзамсыз баюусу боюнча иши кайрадан каралууда.

Соттук отурумда банктын өкүлдөрү суралды.

"2014-жылдан бери банкта иштейм. Зилалиевди кардар катары тааныйм. Мен банктын экинчи филиалында иштегенде, ал ошол жакта кардар болчу. Мен бул бөлүмгө келгенде Зилалиев ал жакта 2011-жылдан бери кардар болуп келе жатыптыр. Уячанын мөөнөтү аяктаганда, келишимге ылайык анын мөөнөтү узартылбаса уяча ачылары боюнча билдирүү жөнөткөнбүз. 30 күн өткөндөн кийин кардар келбегендиктен уяча ачылды. Ал жерде акча, болжол менен 1 млн доллар бар болчу. Уячаны ачуу процедура боюнча жүргүзүлгөн. Уяча ачылып жатканда күбөлөр болуп, бардыгы камерага тартылып алынды. Ичиндегилер алынгандан кийин алар инкассатордук баштыкка салынды. Андан кийин ал баштык сактоочу жайга берилген. Кийинчерээк баштыктын ичиндегилерди алып кетүү үчүн кардар банкка келди. Зилалиев уячанын ичиндегилер ага таандык жана баары ордунда экенин ырастаган. Ал тараптын дооматы болгон жок", - деди ал.

Эскерте кетсек, КРнын Башкы прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин "Жооптуу кызматты ээлеген кызматкердин мыйзамсыз баюусу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Иликтөө иштери УКМКнын башкы тергөө башкармалыгына тапшырылган.

Пикир

Оставить комментарий